2026-жылдын 17-июнунда Маевка айылында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда жаңы күрөш залынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө борбор калаа башчысы жаңы спорттук залды көрүп чыгып, объект кыска мөөнөттө заманбап курулуш технологияларын колдонуу менен курулганын белгиледи. Мындай технологияларды келечекте башка долбоорлорду ишке ашырууда да колдонуу пландалууда.

Ошондой эле ал жаш муундун өнүгүүсү жана шаар тургундарынын ден соолугун чыңдоо үчүн курулган жаңы спорттук объектке аяр мамиле кылууга чакырды.

Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан жаңы спорттук объект балдар жана жаштар арасында күрөш, самбо жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болот.

Жер тилкесинин жалпы аянты 1,3 гектарды, ал эми курулуш аянты 308,16 чарчы метрди түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери «УКС» ЖЧКсы тарабынан аткарылган.

Заманбап бир кабаттуу спорттук комплекс жеңил конструкциялардан курулуп, коопсуздук жана функционалдуулук боюнча бардык талаптар сакталган. Спортчулардын ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн имаратта түз сыртка чыгуучу үч өзүнчө эшик каралган.

Комплекстин ичинде толук кандуу машыгуу өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Анда кең спорттук зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, душ кабиналары, санитардык түйүндөр, машыктыруучунун кабинети, инвентардык бөлмө жана башка көмөкчү жайлар жабдылган.

Өз кезегинде Маевканын тургундары заманбап спорттук инфраструктураны түзүп бергендиги жана жашаган жерине жакын шарттуу спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн шаар мэрине ыраазычылыктарын билдиришти.

Жаңы спорттук комплекстин базасында күрөш жана самбо боюнча АРБӨСМнин тарбиялануучулары үчүн окуу-машыгуу сабактары өткөрүлөт. Мындан тышкары, спорттук мектептердин машыктыруучулары Маевкадагы балдар жана тургундар үчүн машыгууларды уюштуруп, массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүүгө шарт түзүшөт.