Ала-Тоо аянты кайрадан Бишкектин маданий жашоосунун борборуна айланат. Жайкы музыкалык кечелердин алкагында борбор калаанын тургундары менен конокторун ачык асман алдындагы концерт, элдик музыка, бийлер жана унутулгус кеч күтөт.

19-июнда көрүүчүлөрдүн алдына «Кыргыз Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли өз өнөрүн тартуулайт. Алар кыргыз элинин бай музыкалык мурасында негизделген мазмундуу концерттик программасын тартуулашат.

Ал эми 20-июнда чыгармачылык эстафетаны «Доор» фольклордук ансамбли жана «Сувенир» орус ыр-бий ансамбли улантат. Программада ар улуттун маданий көп түрдүүлүгүн жана каада-салттарынын байлыгын чагылдырган элдик ырлар, вокалдык чыгармалар жана бий номерлери орун алган.

Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер ар жума жана ишемби күндөрү саат 19:00дө өтөт. Бул  жайкы музыкалык кече жандуу музыкадан ырахат алууга, маданий мурастар менен таанышууга жана жагымдуу маанайда үй-бүлө жана достордун курчоосунда убакыт өткөрүүгө сонун мүмкүнчүлүк.