2026-жылдын 19-июнунда саат 18:00дө Бишкек шаарындагы Дзюдо дене тарбия ден соолукту чыңдоо коиплексинде эл аралык деңгээлдеги белгилүү спортчулардын катышуусунда дзюдо боюнча мастер-класс өткөрүлөт.
Мастер-классты 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынын чемпиону, Европа чемпиону, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери Хасан Халмурзаев жана дүйнө чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Арби Хамхоев өткөрөт.
Катышуучулар атактуу спортчулардын тажрыйбасы менен таанышып, күрөштүн техникасы жана тактикасы боюнча практикалык кеңештерди алышат, ошондой эле кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.
Мастер-класска спортчулар, машыктыруучулар, спорт мектептеринин тарбиялануучулары жана бардык каалоочулар чакырылат.
Катышуучулар үчүн талап: кимоно кийип келүү милдеттүү.
Дареги: Бишкек шаары, Эмгек көчөсү, 4А (Дзюдо дене тарбия жана жен соолукту чыңдоо комплекси).
Кирүү акысыз.