2026-жылдын 17-июнунан 28-июнуна чейин Бишкек шаарында мектеп алдындагы лагерлерде эс алып жаткан балдар үчүн жашаган жери боюнча уюштурулган мектеп алдындагы спорттук лагерлер өтүүдө. Иш-чаралар шаардын төрт районунда: Свердлов, Октябрь, Биринчи Май жана Ленин райондорунда этап-этабы менен өткөрүлүүдө.

Программанын алкагында балдар үчүн комплекстүү спорттук эстафеталар, кыймылдуу оюндар жана аркан тартыш боюнча мелдештер уюштурулган.

18-июнда иш-чаралардын ачылышы Бишкек шаарынын Свердлов районундагы жалпы билим берүүчү мектептердин базасында өттү.

Спорттук иш-чаралар Свердлов районундагы төрт мектепте өткөрүлдү. Аларга жалпысынан 460ка жакын бала катышты: №115 жалпы билим берүүчү орто мектебинде — 120 бала, №105 мектепте — 150 бала, №87 мектепте — 100 бала жана №46 мектепте — 90 бала.

Негизги программа балдардын командалык рухун, шамдагайлыгын жана физикалык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган эстафеталарды, кыймылдуу оюндарды жана аркан тартыш боюнча мелдештерди камтыды.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча программанын айрым түрлөрүнөн 1, 2 жана 3-орундарды ээлеген командалар тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышат.

Мындай иш-чараларды өткөрүү балдардын ден соолугун чыңдоого, спортко болгон кызыгуусун арттырууга, жигердүү жана дени сак жашоо образын калыптандырууга, ошондой эле окуучулардын жайкы эс алуусун уюшкандыкта жана пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзөт.

Иш-чаранын уюштуруучусу  Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.