2026-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесинин камкордугундагы жарандар үчүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине экскурсия уюштурулду.
Иш-чарага мекеменин социалдык кызмат алуучуларынан 30 адам катышты. Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар мемориалдык комплекстин тарыхы менен таанышып, мемориалдык жайларды кыдырып, мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошкон Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесине таазим кылышты.
Экскурсия Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнундө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, тарыхый эс тутумду сактоого, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоого жана мекеменин камкордугундагы жарандардын маданий дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган.
Мындай иш-чаралар улгайган жарандардын жана майыптыгы бар адамдардын коомго аралашуусуна өбөлгө түзүп, алардын активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзөт жана өлкөнүн тарыхына жана маданий мурасына болгон кызыгуусун арттырууга жардам берет.


