«Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун жашоочулары, ошондой эле компаниялар Элдик Банк, АБанк жана Бакай Банк аркылуу төмөнкү шарттар менен жеңилдетилген кредиттерди ала алышат:
Калк үчүн каржылоо шарттары:
* насыянын суммасы — 1 000 000 сомго чейин;
* насыялоо мөөнөтү — 60 айга чейин;
* пайыздык чен — жылдык 6%.
Жабдуу жеткирүүчүлөр үчүн каржылоо шарттары:
* насыянын суммасы — 5 000 000 сомго чейин;
* насыялоо мөөнөтү — 60 айга чейин;
* пайыздык чен — жылдык 10%.
Жеңилдетилген насыянын максаттуу багыты:
Жеңилдетилген каржылоо төмөнкү жабдууларды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга берилет:
* ар кандай конфигурациядагы жылуулук насостору (аба–суу, аба–аба, суу–суу, жер–суу);
* имараттарды муздатуу жана кондициялоо үчүн жылуулук насостору;
* электр казандары;
* инфракызыл керамикалык жылыткычтар жана радиаторлор;
* имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн күн жылуулук коллекторлору;
* күн фотоэлектрдик панелдери (PV) жана энергия топтоо системалары;
* электр энергиясы жана башка таза энергия булактары менен иштеген генераторлор жана аккумулятордук батареялар.
Долбоорго катышкан банктар:
«АБанк» ААК
Тел.: 5511
сайт: www.ab.kg
«Элдик Банк» ААК
Тел.: 9111,
сайт: www.eldik.kg
«Бакай Банк» ААК
Тел.: 6111,
сайт: www.bakai.kg🌱
КРнын Финансы министрлиги
Бишкек, Чүй пр. 114, 401 бөл.
office@piu.kg | a.akmatov@piu.kg
+996 506 667 676.

