Борбор калаада мектеп алдындагы жайкы лагерлердин программасынын алкагында Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин (ОРАБӨМ) иштерин тааныштыруу иш-чаралары уланууда.
Иш-чаралар 17-июндан тартып Бишкек шаарынын бардык төрт районунда өткөрүлүп, 2026-жылдын 27-июнуна чейин уланат.
Долбоордун негизги максаты – балдар менен ата-энелерди спорттук даярдык көрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтандыруу, окуучуларды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү болуп саналат.
Иш-чаралардын жүрүшүндө спорт мектептеринин өкүлдөрү окуучуларды спорттук багыттар, машыктыруучулар курамы жана окуу-машыгуу шарттары менен тааныштырышат.
Иш-чаралардын графиги:
Октябрь району:
•22-июнь, саат 09:30 — №64 мектеп ( «Дельфин» ОРАБӨМү, «Алгыр» ОРАБӨМү, «Ак Илбирс» ОРАБӨМү);
•23-июнь, саат 09:30 — №71 мектеп («Олимп» ОРАБӨМү, Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМ, Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ);
•24-июнь, саат 09:30 — №73 мектеп (Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМ, С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМ, Оор атлетика боюнча ОРАБӨМ);
•25-июнь, саат 09:30 — №100 мектеп (Спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, «Жеңиш» ОРАБӨМү);
•26-июнь, саат 09:30 — №88 мектеп («Дельфин» ОРАБӨМү, «Алгыр» ОРАБӨМү, «Ак Илбирс» ОРАБӨМү);
•27-июнь, саат 09:30 — №103 мектеп («Олимп» ОРАБӨМү, Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМ).
Свердлов району:
•22-июнь, саат 09:30 — №1 жана №38 мектептер (Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМ, С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМ, Оор атлетика боюнча ОРАБӨМ);
•23-июнь, саат 09:30 — №116 мектеп («Олимп» ОРАБӨМү, Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМ, Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ);
•24-июнь, саат 09:30 — №5 мектеп (Спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, «Жеңиш» ОРАБӨМү);
•25-июнь, саат 09:30 — №53 мектеп («Дельфин» ОРАБӨМү, «Алгыр» ОРАБӨМү, «Ак Илбирс» ОРАБӨМү);
•26-июнь, саат 09:30 — №10 жана №76 мектептер (Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМ, С. Жуманазаров атындагы ОРАБӨМ, Оор атлетика боюнча ОРАБӨМ);
•26-июнь, саат 09:30 — №43 мектеп (Спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, «Жеңиш» ОРАБӨМү);
•26-июнь, саат 09:30 — №21 мектеп («Олимп» ОРАБӨМү, Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМ, Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ).
Ленин району:
•22-июнь, саат 09:30 — №79 мектеп (Спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, «Жеңиш» ОРАБӨМү);
•23-июнь, саат 09:30 — №82 мектеп («Дельфин» ОРАБӨМү, «Алгыр» ОРАБӨМү, «Ак Илбирс» ОРАБӨМү);
•24-июнь, саат 09:30 — №96 жана №97 мектептер («Олимп» ОРАБӨМү, Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМ);
•25-июнь, саат 09:30 — №102 мектеп (Оор атлетика боюнча ОРАБӨМ, Спорттук оюндар боюнча ОРАБӨМ);
•26-июнь, саат 09:30 — №119 мектеп (Спорттун улуттук түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, «Ак Илбирс» ОРАБӨМү).
Биринчи Май району:
•22-июнь, саат 10:00 — №86 мектеп («Дельфин» ОРАБӨМү, «Алгыр» ОРАБӨМү, «Ак Илбирс» ОРАБӨМү, Спорттун жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча ОРАБӨМ, «Жеңиш» ОРАБӨМү).
Иш-чаралардын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.