«Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу, Кыргызстандын алдыңкы сүзүүчүсү Денис Петрашов учурда АКШнын Индиана штатынын Индианаполис шаарында өтүп жаткан TYR Pro Series эл аралык сүзүү турниринде Кыргызстандын жаңы рекордун жаңылады.
Спортчу 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө алтын медаль жеңип алып, аралыкты 2 мүнөт 9,16 секундда багындырды.
Бул көрсөткүч Кыргызстандын аталган дистанция боюнча жаңы улуттук рекорду болуп калды.


