2026-жылдын 17–18-июнь күндөрү Бишкек шаарында өспүрүмдөр жана жаштар арасында кикбоксинг боюнча шаар биринчилиги өттү.

Мелдештин ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышып, спортчуларга ак ниет атаандаштыкты, жаркын жеңиштерди жана мындан аркы спорттук ийгиликтерди каалады.

Мелдештер 7 жаштан 18 жашка чейинки спортчулар арасында «Кик-Лайт» жана «Лоу-Кик» дисциплиналары боюнча өткөрүлдү. Эки күндүн аралыгында катышуучулар жогорку даярдык деңгээлин, техникалык чеберчилигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Турнирдин негизги максаты кикбоксингди жайылтуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана борбор калаанын мыкты кикбоксчуларын аныктоо болду.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Турнир Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Бишкек шаарынын кикбоксинг, тай боксу жана ушу-саньда федерациясы тарабынан уюштурулду.