2026-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарында Баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган интерактивдүү квиз өтөт.

Катышуучуларды алты тематикалык раунддан турган командалык интеллектуалдык оюн, «Дени сак болуу — модалуу» аттуу сүрөт көргөзмөсү, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана кофе-брейк күтөт.

Иш-чара Бишкек шаарындагы «Тунгуч» театрында (Чүй проспектиси, 168а) дареги боюнча өткөрүлөт. Катышуучуларды каттоо саат 10:00дө башталат.

Квизге курамы 4төн 8 адамга чейинки командалар катыша алышат. Катышуу акысыз. Жеңүүчүлөр үчүн баалуу жана эстелик белектер даярдалган.

Катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу катталуу зарыл: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSf0RyECH54TMtgbMLK5K6hPPEiU9WeHcZZyx4r69usxB9bjpQ/viewform?

Иш-чаранын уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борбору, ошондой эле CADAP программасынын колдоосу менен өткөрүлөт.