Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылат. Ошол эле учурда, жол чийиндери аба ырайы ачылгандан  кийин түшүрүлөрүн маалымдайбыз.

Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган.

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга жана жолдун бул тилкесинде өзгөчө этият болууга чакырат.