Бүгүн, 2026-жылдын 21-июнунда, Т. Усубалиев атындагы аянтта олимпиаданын баалуулуктарын жайылтуу, сергек жашоо образын даңазалоо жана өспүрүмдөр арасында массалык спортту өнүктүрүү максатында уюштурулган «Олимпиада күнү» аттуу спорттук-массалык иш-чара өттү.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Айваз Оморканов, спорттук федерациялардын өкүлдөрү, ыктыярчылар, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары жаштар арасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүнкү иш-чарага жаш муундун активдүү катышып жатканын көрүү биз үчүн чоң сыймык. Жаштардын спортко болгон кызыгуусунун өсүшү - бул чоң жетишкендик. Баарыныздарды Эл аралык Олимпиада күнү менен куттуктайм жана жаңы ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалайм», - деди Кубанычбек Иманалиев.

Майрамдын алкагында шахмат, тогуз коргоол, каратэ-до, WTF таэквондо боюнча спортчулардын көрсөтмө оюн-зооктору, ошондой эле черлидинг жана чир спорту боюнча Союздун өкүлдөрүнүн көрсөтмө программалары уюштурулду.

Иш-чаранын эң көрүнүктүү учурларынын бири жаш катышуучулар менен конокторду бириктирген жалпы машыгуу болду. Ошондой эле 11 жаштан 14 жашка чейинки болжол менен 500 бала катышкан массалык чуркоо өткөрүлдү.

Жарыштын жыйынтыгында бардык катышуучуларга эстелик медалдар тапшырылды.