Жайкы музыкалык кечелердин алкагында Ала-Тоо аянтында «Доор» фольклордук ансамблинин жана «Сувенир» орус ыр-бий ансамблинин катышуусунда концерттик программа өттү.

Чыгармачыл жамааттар борбор калаанын тургундарына жана конокторуна элдик ырларды, вокалдык композицияларды жана шайыр бий номерлерин камтыган бай программаны тартуулашты. Артисттердин өнөрлөрү ар улуттун маданий көп түрдүүлүгүн жана каада-салттарынын байлыгын чагылдырып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.

Музыкалык кече жылуу жана достук маанайда өтүп, башкы аянтка элдик чыгармачылыктын жана жандуу музыканын күйөрмандарын чогултту. Иш-чаранын коноктору артисттерди кол чабуулар менен кубаттап, жагымдуу ыргактардан ырахат алышты жана жайкы кечти үй-бүлөсү, досторунун курчоосунда өткөрүштү.

Эске салсак, Ала-Тоо аянтындагы жайкы музыкалык кечелер ар жума жана ишемби күндөрү саат 19:00дө өткөрүлүп турат. Бул иш-чара Бишкектин тургундары менен конокторуна убакытты кызыктуу жана мазмундуу өткөрүүгө, маданий мурастар менен таанышууга жана чыгармачыл жамааттардын өнөрүнө күбө болууга сонун мүмкүнчүлүк түзүүдө.