2026-жылдын 21-июнунан тартып Бишкек шаарындагы Абсамат Масалиев проспектисинин түндүк тарабындагы ( «Нават» чайканасынын жанындагы) жол тилкеси убактылуу жабылат.
Чектөөлөр жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктү куруу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы багытыңызды алдын ала пландаштырууну өтүнөт.