Бишкек шаарындагы жол инфраструктурасын жаңылоо иштеринин алкагында Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо башталат.
2026-жылдын 23-июнунан тарта иштер Фучик көчөсүнөн тартып «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки тилкеде башталат. Реконструкция иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт.
Иштер жүрүп жаткан учурда жол толугу менен жабылбайт. Оңдолуп жаткан тилкеде көчөнүн бир тарабы гана убактылуу жабылып, унаа кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.
Мындай ыкма транспорттук байланышты сактап, шаар тургундары жана коноктор үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Чектөө иштер жүргүзүлүп жаткан айрым тилкелерде реконструкция толук аяктаганга чейин этап-этабы менен киргизилип турат.
Аткарылып жаткан иштер жолдун сапатын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаардын транспорттук инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын каттамдарды пландаштырууда оңдоо иштерин эске алууну өтүнөт.