2026-жылдын 21-июнунда Курманжан Датканын эстелигинин алдында 12-эл аралык Йога күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Давлетбек Туголбаев, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве катышты.
Давлетбек Туголбаев Бишкек шаарында Йоганын эл аралык күнүн Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын Элчилиги менен биргеликте жыл сайын белгилөө жакшы салтка айланганын белгиледи.
«Бүгүн биз дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды бириктирген Йоганын эл аралык күнүн белгилөө үчүн чогулдук. Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси жана БУУга мүчө болгон 177 мамлекеттин колдоосу менен 21-июнь расмий түрдө Йоганын эл аралык күнү деп жарыяланган. Биз үчүн борбор калаанын чок ортосунда шаар тургундарын жана конокторду тосуп алуу чоң сыймык. Йога – бул жөн гана дене көнүгүүлөрү эмес, дене менен рухтун гармониясын камсыз кылган философия жана көптөгөн адамдардын жашоо образы. Жыл сайын катышуучулардын саны өсүп жатканын көрүп кубанабыз жана бардык шаар тургундарын активдүү жашоо образын карманууга, спорт менен машыгууга жана ден соолугун чыңдоого чакырабыз», – деди ал.
Программанын алкагында йога боюнча инструктор көнүгүүлөрдүн комплексин көрсөтүп, ага каалоочулардын бардыгы катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара йога студияларынын өкүлдөрүн, коомдук уюмдарды жана ден соолугун чыңдоого, руханий жактан өнүгүүгө кызыккан шаар тургундарын бириктирди.
Иш-чаранын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын Элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы эсептелет.
Йога - дене, акыл жана рухтун биримдигин символдоштурган байыркы индиялык практика. Ал ден соолукту чыңдоого, инсанды ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшүп, дүйнө жүзүндө кеңири жайылган.










