2026-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарындагы Дзюдо дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплексинде эл аралык деңгээлдеги белгилүү спортчулар — Рио-де-Жанейро шаарында өткөн 2016-жылкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, Европа чемпиону, Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери Хасан Халмурзаев жана дүйнө чемпиону, эки жолку Европа чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Арби Хамхоевдин катышуусунда дзюдо боюнча мастер-класс өттү.
Иш-чарага спортчулар, машыктыруучулар, спорт мектептеринин тарбиялануучулары жана дзюдого кызыккан жарандар болуп, жалпысынан 300дөн ашуун адам катышты.
Мастер-класстын жүрүшүндө атактуу спортчулар күрөштүн техникалык ыкмаларын көрсөтүп, өздөрүнүн спорттук тажрыйбалары менен бөлүшүп, жогорку деңгээлдеги мелдештерге даярдануунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти жана катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Мындай иш-чаралар жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга, дзюдо спорт түрүн жайылтууга жана эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Катышуучулар дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулардын баалуу тажрыйбасын өздөштүрүп, алардын жетишкендиктеринен дем алууга мүмкүнчүлүк алышты.









