2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 34 бүтүрүүчү, анын ичинде Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 16 бүтүрүүчүсү алтын сертификат алуу укугуна ээ болушту. Бул тестирлөөдөгү эң жогорку жетишкендик үчүн берилген абройлуу сыйлык болуп саналат.

2025–2026-окуу жылында борбор калаадагы 120 муниципалдык мектепти 11 869 бүтүрүүчү аяктаган. Алардын бардыгы, ошондой эле мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышышты.

Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борборунун (БББМБ) расмий маалыматтарына ылайык, муниципалдык мектептердин 16 бүтүрүүчүсүн кошкондо, 34 бүтүрүүчү эң жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, алтын сертификаттардын ээлеринин катарында болушту.

Республика боюнча ЖРТ-2026  жыйынтыгы менен эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду. Натыйжада өлкөдөгү бул жогорку сыйлыктын ээлеринин 60 пайыздан ашыгы (муниципалдык мектептерден – 29% жана жеке менчик мектептерден – 32,7%) Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү болуп чыкты.

Борбор калаанын окуучуларынын бул жетишкендиктери билим берүүнүн жогорку сапатынан, педагогдордун кесипкөйлүгүнөн жана окуучулардын өздөрүнүн алдыга койгон максатына умтула билгендигинен кабар берет.

Бүтүрүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана мугалимдер жамаатын  жогорку ийгилиги менен куттуктайбыз! Сиздерге окууда жана келечектеги кесиптик жолуңуздарда албан ийгиликтерди каалайбыз.