2026-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалдык баскычынын экинчи турунун алкагында өтө турган Португалия – Өзбекстан беттешин онлайн көрсөтүү үчүн күйөрмандар аймагы уюштурулат.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн чоң экран орнотулуп, каалоочулардын бардыгы оюнду биргеликте көрүп, майрамдык маанайда командаларды колдой алышат.

Саат 21:20да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда көңүл ачуучу программа башталат. Саат 22:00дөн 23:00гө чейин оюн боюнча комментарийлер коштолгон түз эфир көрсөтүлөт. Беттештин башталышы — саат 23:00.

Борбор калаанын тургундарын жана конокторун бул иш-чарага катышып, кечти жакын адамдардын чөйрөсүндө, чоң футболдун атмосферасынан ырахат алууга чакырабыз.

Иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу Орозбеков жана Абдымомунов, Орозбеков жана Фрунзе, Раззаков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиштеринде, ошондой эле Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Улуттук тарых музейине чейинки бөлүгүндө автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет. Шаар тургундарынан жана конокторунан каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз.