Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору  Жаныбек Орозалиев 2026-жылдын 22-июнунда Свердлов районундагы билим берүү уюмдарын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Биримдик-Кут» жаңы конушундагы №65 бала бакчанын, Мыкан айылындагы №114 мектептин, «Бакай-Ата» жаңы конушундагы №85 мектептин, №172 бала бакчанын, «Учкун» жаңы конушундагы №89 мектептин, ошондой эле Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 мектептин жаңы корпусунун имараттары жана аймактары каралды.

Жыйынтыгында директор билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.