Бишкек шаарында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдыктын алкагында Муромский көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштери жүрүп жаткан аймактагы муниципалдык жер тилкелеринде 40тан ашык чарбалык субъектке таандык 80ден ашуун жеңил типтеги объекттер жайгашкан. Жол куруу долбоорун ишке ашыруу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бул аймактарды бошотуу зарылдыгы жаралган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан объект ээлери менен түшүндүрүү жана уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жер ээлери жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылып, ээлеп турган жер тилкелерин бошотууга макулдугун билдиришти.

Бүгүнкү күндө 30га чукул субъект  объекттерин өз ыктыяры менен демонтаждап, муниципалдык жер тилкелерин бошотушту. Калган аймактарды бошотуу иштери пландуу тартипте уланууда.

Жалпысынан көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 4 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине түшүнүү менен мамиле кылып, колдоо көрсөткөндүгү жана жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн тургундарга жана ишкерлерге ыраазычылык билдирет. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында жол тармагын жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө.