2026-жылдын 16–23-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлеринин арасында «Ден соолук» республикалык спартакиадасы өткөрүлдү.

Республикалык этапка чейин Бишкек шаарынын бардык райондорунда мелдештер өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында эң күчтүү командалар жана спортчулар тандалып алынган.

Спартакиадага Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген өкүлдөр катышты. Катышуучулар шахмат, тогуз коргоол, ордо, стритбол, эркектер жана аялдар арасындагы волейбол, кичи футбол, ошондой эле эркектер жана аялдар арасындагы стол тенниси боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын командасы жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, төмөнкү байгелүү орундарды ээледи:
•кичи футбол — 1-орун;
•стритбол — 1-орун;
•тогуз коргоол — 1-орун;
•ордо — 1-орун;
•аялдар арасындагы волейбол — 1-орун;
•эркектер арасындагы волейбол — 2-орун;
•эркектер арасындагы шахмат — 2-орун;
•аялдар арасындагы шахмат — 3-орун;
•эркектер арасындагы стол тенниси — 2-орун;
•аялдар арасындагы стол тенниси — 2-орун.

«Ден соолук» спартакиадасы сергек жашоо образын жайылтууга, педагогдор арасында массалык спортту өнүктүрүүгө, кесиптик байланыштарды чыңдоого жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин дене тарбиялык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.