2026-жылдын 24-июнунан тартып Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу 5 автобус каттамынын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт.

Бул чаралар коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынды.

Өзгөртүүлөр № 7(Т), 8(Т), №18, №23 жана №62 каттамдарына тиешелүү. Оңдоо иштери аяктаганга чейин бул автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт.

Бул убактылуу каттамдар жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыкты азайтуу жана бардык жүргүнчүлөрдүн коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору коомдук транспорттун ишиндеги өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышып, жол жүрүү багытыңызды убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен пландаштыруу сунушталат.