Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы жана тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбор калаада курулуп жаткан бир катар объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Биринчи объект катары Товарная көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жаңы өндүрүштүк базасы каралды. Объектти көрүү учурунда курулуш иштерин графиктен кечиктирбестен жүргүзүү, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү жума сайын көзөмөлдөнүп турары белгиленди.
Андан соң мэрдин орун басары Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде жайгашкан Жаш техниктер станциясынын жаңы имаратына барды. Бүгүнкү күндө объекттеги курулуш иштери толугу менен аяктаган. Учурда эмеректерди орнотуу, ичин тазалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жакынкы убакытта бардык даярдык иштерин аяктап, объектти пайдаланууга берүүгө даярдоо милдети коюлду.
Кийинки объект Мозырский көчөсү, 79Б дарегинде жайгашкан №131 бала бакчанын 100 орунга ылайыкталган кошумча корпусу болду. Азыркы учурда имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктап, дубалдарды кыш менен тургузуу иштери улантылууда.
Мындан тышкары, мэрдин орун басары Токтоналиев көчөсү, 6/2 дарегиндеги мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордунда курулуп жаткан маданий борбордун курулуш иштери менен таанышты. Объектте жер төлөнүн дубалдарын бетондоо иштери аяктап, биринчи кабаттын колонналарын орнотуу жана аймакты кайрадан топурак менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Иш сапардын алкагында ошондой эле Ашхабад көчөсү, 73 дарегинде жайгашкан «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын аймагында курулуп жаткан административдик корпустун курулушуна барды. Учурда объектте жеңил темир конструкцияларын монтаждоо иштери аткарылууда.
Жыйынтыгында мэрдин орун басары бардык объектилердеги курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктоону камсыз кылууну, ошондой эле алардын ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.













