Бишкек шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Борбор калаанын мэринин атынан кызматкерлерди мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев куттуктады. Ал өз сөзүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шаарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, алардын ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Муниципалдык кызматта алдына чоң максаттарды койгон, топтогон тажрыйбасын жана билимин натыйжалуу пайдаланып, күн сайын борбор калааны өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө өз салымын кошуп жаткан адамдар эмгектенет», — деп белгиледи ал.
Кубанычбек Иманалиев кызматкерлерге чың ден соолук, кесиптик ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мэриянын борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар жана баалуу кол сааты менен сыйланышты.
Ошондой эле мэрдин биринчи орун басары муниципалитеттин алдында турган милдеттерди натыйжалуу чечүүдө командалык иштин, өз ара колдоонун жана биргелешкен иштин өзгөчө маанисин баса белгиледи.












