2026-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалдык этабынын экинчи турунун алкагында өткөн Португалия – Өзбекстан беттешин көрүү үчүн күйөрмандар аянтчасы уюштурулду.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн оюнду түз эфирде көрсөткөн чоң экран орнотулду.

Иш-чарага футбол сүйүүчүлөрү көп санда чогулуп, командаларды колдоп, дүйнөлүк футбол майрамынын өзгөчө атмосферасын бирге сезүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Келген көрүүчүлөр үчүн интерактивдүү оюндар жана баалуу белектер ойнотулган сынактар уюштурулуп, бул күйөрмандардын бардык курактагы өкүлдөрү үчүн майрамдык маанай тартуулады.

Беттештин жүрүшүндө күйөрмандар аянтчасында өзгөчө шаңдуу жана эмоцияларга бай атмосфера өкүм сүрдү. Күйөрмандар эки команданы тең кызуу колдоп, борбор калаанын чок ортосунда чыныгы футбол майрамын жаратышты. Оюндун эң курч жана чечүүчү учурлары көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусу жана кубаттоосу менен коштолду.

Күйөрмандардын аянтчасынын уюштурулушу Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна беттешти көрүп эмоцияларын бирге бөлүшүүгө, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги ири спорттук иш-чаранын өзгөчө маанайын жакындан сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.