Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын чакыруусу менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын 22–23-июнь күндөрү Лондон шаарында өткөн «Жашыл шаарлар» программасына өнөктөш шаарлардын мэрлеринин жолугушуусуна катышты. Иш-чара «Эртеңки күнгө инвестиция салуу: баарына жеткиликтүү жашыл жана туруктуу шаарларды калыптандыруу» деген ураан алдында өттү.

Иш-чара шаарлардын туруктуу өнүгүүсү, инфраструктураны модернизациялоо жана шаарлардын экологиялык туруктуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулоо үчүн шаар башчыларын, эл аралык каржы институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕРӨБ жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоого алынган Бишкектин райондук жылытуу системасын модернизациялоо долбоору боюнча келишимдерге кол коюлду. Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 64 миллион еврону түзөт.

Долбоор жылуулук тармактарын, насостук станцияларды жана отказандарды модернизациялоону, заманбап башкаруу тутумдарын жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды киргизүүнү, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактарынын технологияларын колдонууну карайт. Бул долбоордун ишке ашырылышы жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, энергия жоготууларын кыскартууга, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана борбор калаадагы  абанын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Жылуулук менен камсыздоо системасын модернизациялоо ЕРӨБдүн "Жашыл шаарлар" программасынын алкагындагы Бишкек шаарынын иш-аракеттер планынын негизги багыттарынын бири болуп саналат жана шаардын мындан ары туруктуу өнүгүшү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн абдан маанилүү.

Сапардын жүрүшүндө ЕРӨБдүн жетекчилиги жана эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, мындан ары кызматташуунун келечеги жана Бишкекте жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.