2026-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева муниципалдык администрациялардын, Бишкек шаары боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын, Патрулдук милиция башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү департаментинин, Билим берүү департаментинин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу документтерди тапшыруу иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү маселелери, ошондой эле окуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруу иштери каралды.

Рахат Мусаева бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө көңүл жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алууга, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоого жана бардык тартылган кызматтардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга багытталды.

Кеңешменин жыйынтыгында жооптуу түзүмдөргө төмөнкү тапшырмалар берилди:

-балдардын көп топтолгон жерлеринде рейддик иш-чараларды өткөрүү;
-иш-чаралар өтүү мезгилинде коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо чараларын күчөтүү;
-жооптуу кызматкерлердин жана ыкчам кызматтардын күнү-түнү нөөмөтүн уюштуруу;
-билим берүү уюмдарынын аймактарында коопсуздук эрежелеринин сакталышын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу;
-9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине билими тууралуу документтерди тапшыруунун расмий аземдеринде коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-жашы жете электер катышкан жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү;
-иш-чаралар өткөрүлүүчү жайларды өзгөчө көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бардык кызматтардын аракеттерин координациялоону камсыз кылуу.

Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерди салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү мезгилинде балдардын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Жашы жете электерге көзөмөлдү күчөтүп, алар менен коомдук тартипти сактоо жана коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча алдын алуу иштерин өткөрүүнү өтүнөбүз. Өзгөчө көңүлдү балдардын кооптуу жайларда жана кооптуу жагдайларда болуусуна жол бербөөгө буруу зарыл.

Ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жана транспорт каражатын башкарууга тиешелүү укугу жок адамдардын транспорт каражаттарын башкаруусу жол берилгис экенин жана бул кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертебиз. Ата-энелерден эч кандай шартта жашы жете элек балдарына автоунааларды, мотоциклдерди жана башка транспорт каражаттарын башкарууга бербөөнү суранабыз.

Белгилей кетсек, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу иш-чаралар өткөрүлүп жаткан мезгилде шаардык кызматтар үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет.