«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «Бишкексууканал» ишканасынын абоненттери үчүн суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн онлайн режиминде жиберүү мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болду.

Көрсөткүчтөрдү жөнөтүү үчүн «Менин шаарым» тиркемесин ачып, «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, «Коммуналдык кызматтарды» тандап, андан соң «Бишкексууканал» бөлүмүнө кирип, суу эсептегичтин учурдагы көрсөткүчтөрүн киргизүү зарыл.

Абоненттерден көрсөткүчтөрдү жөнөтүүдөн мурда киргизилген маалыматтарды кылдат текшерип чыгууну өтүнөбүз, анткени берилген маалыматтардын тактыгы пайдаланылган кызматтар үчүн төлөмдөрдүн туура эсептелишине түздөн-түз таасир этет.

«Менин шаарым» тиркемесинин жаңыртууларын байкап туруңуздар. Коммуналдык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер уланууда жана жакынкы убакта ушундай эле сервистер Бишкек шаарынын башка коммуналдык ишканалары үчүн да жеткиликтүү болот.

Санариптик технологиялар борбору борбор калаанын тургундары үчүн муниципалдык кызматтарды алуу сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган санариптик чечимдерди киргизүүнү улантууда.