2026-жылдын 26-июнунда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү району: Коперник көчөсү – Поваринская көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү.
Коперник көчөсүндөгү Д= 200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" ишканасы ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
