Шаар тургундарын жана конокторун жайкы кечтерди ачык асман алдында жандуу музыка, улуттук маданият жана чыгармачылык дем менен коштолгон жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырабыз.

Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында музыкалык кечелер уланууда. Ар жума жана ишемби күндөрү бул жерде мыкты чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда музыкалык кечелер уюштурулуп, шаардыктарга борбор калаанын ортосунда өнөр дүйнөсүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

26-июнда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында «Семетей» ыр жана бий ансамбли менен «Акак» комузчулар ансамблдери өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Кеченин программасында — элдик күүлөр, комузда кол ойноткон виртуоздук аткаруулар, вокалдык номерлер жана кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган улуттук бийлер орун алат.

27-июнда саат 19:00дө музыкалык эстафетаны «Доор» жана «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблдери улантышат. Көрүүчүлөр үчүн кыргыз элинин руханий мурасын чагылдырган салттуу чыгармалар, ошондой эле элдик чыгармачылыктын заманбап багыттагы аткаруулары тартууланат.

Жай бою Ала-Тоо аянты ачык асман алдындагы музыкалык кечелердин борборуна айланат. Бул жерде ар бир каалоочу элдик музыканын жандуу аткарылышынан, бий номерлеринен жана белгилүү жамааттардын чыгармачылыгынан эргүү ала алышат.