«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы Бишкек шаары боюнча комплекстүү сугат иштерин улантып жатат. Бул иш-чаралардын башкы максаты — жайкы аптапта борбор калаанын жашыл фондун сактап калуу, бак-дарактардын, бадалдардын, гүлзарлардын, газондордун, сейил бактардын жана башка жашыл аймактардын кургап кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат.

Сугаруу иштерин өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн ишкана шаардагы негизги ирригациялык каналдар аркылуу сугат суусунун берилишин камсыздап келет. Бүгүнкү күндө берилген суунун жалпы көлөмү секундасына 4 120 литрди түзөт.

Сугат суусу төмөнкү каналдар аркылуу берилүүдө:
* Аламүдүн дарыясынан «Асанбай» каналы — 600 л/с (күн сайын);
* Көк-Жар аркылуу Сельский каналы — 100 л/с (дүйшөмбү–шейшемби күндөрү);
* Аламүдүн дарыясынан «Карагоо» каналы — 350 л/с (өтүнмө боюнча);
* Аламүдүн дарыясынан «Эсен» каналы — 400 л/с (өтүнмө боюнча);
* Аламүдүн дарыясынан «Жергазар» каналы — 320 л/с (өтүнмө боюнча);
* Түштүк Чоң Чүй каналы — 400 л/с (өтүнмө боюнча);
* Батыш Чоң Чүй каналы — 350 л/с (өтүнмө боюнча);
* Чыгыш Чоң Чүй каналы — 1000 л/с (күн сайын);
* Ала-Арча дарыясынан «Кыргызстан-1» каналы — 600 л/с (күн сайын).

Шаардын бардык райондорунда туруктуу негизде жүргүзүлүп жаткан арык аркылуу сугаруу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Муну менен катар, атайын техникалардын жардамы менен унаа сугаты да активдүү жүрүп жатат. Сугат суусу чектелген же арык менен сугарууга мүмкүнчүлүк болбогон тилкелерде суу ташуучу атайын техникалар кошумча тартылган.

Күн сайын линияга 30га жакын атайын сугат техникасы чыгып, борбордук көчөлөрдүн жээктериндеги, унаа өтүүчү жолдордун кесилиштериндеги, сейил бактардагы жана башка коомдук жайлардагы бак-дарактарды кошумча сугаруу менен камсыз кылууда. Ар бир сугат унаасы суткасына орто эсеп менен 5тен 6га чейин рейс жасап, шаар аймагынын чоң бөлүгүн камтууга шарт түзүүдө.

Сугат иштери борбор калаанын төрт административдик районунда — Ленин, Биринчи Май, Октябрь жана Свердлов райондорунда жүргүзүлүүдө. Иштер бекитилген графиктин негизинде жана шаардын ар кайсы бөлүгүндөгү жашыл аянттардын сууга болгон муктаждыгын эске алуу менен күн сайын улантылып жатат.

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы борбор калаанын бак-дарактарын сактоо жана өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү улантып, жай мезгилинде шаардагы жашыл көчөттөргө тийиштүү кам көрүүнү камсыздап келет.