Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жибек-Жолу проспектисинде шаар башчысы диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллектордун курулушун көрүп чыкты. Бул долбоор учурдагы инженердик тармактардагы жүктөмдү азайтып, алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мэр подряддык уюмдарга иштердин темпин күчөтүүнү, кошумча ресурстарды тартууну жана өндүрүш процессинин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздоону тапшырды.

Андан соң Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын курулуп жаткан өндүрүштүк базасына барып, мекеменин аймагындагы объектилерди рационалдуу жайгаштыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле шаар мэри Ж. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки тилкеде жайгашкан Жаш Гвардия бульварынын реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Учурда объектте инженердик тармактарды куруу, таман таш төшөө, бордюрларды орнотуу, сугат тутумун монтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.

Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүндү текшерүү учурунда мэр курулуш иштерин тездетүүнү, ошондой эле көпүрөнүн гранит элементтерин сактоо менен мозаикалык жасалгасын жаңылоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Текшерүүнүн алкагында Айбек Джунушалиев реконструкциялоо пландалып жаткан «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын базасына да барды,  ошондой эле Жеңиш аянтындагы жаңы муниципалдык унаа токтотуучу жайдын иши менен таанышты. Бул жерде саатына төлөө системасы сыноо режиминде ишке киргизилген.

Мэр кошумча видеобайкоо камераларын орнотууну тапшырды. Текшерүүнүн  жыйынтыгында шаар башчысы бардык долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.