Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын 25-июнунда Танжер шаарында (Марокко) өткөн «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер — Евразия» бүткүл дүйнөлүк уюмунун кезектеги конгрессинде бир добуштан уюмдун вице-президенти болуп шайланды.

«Бириккен шаарлар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» дүйнөдөгү эң ири эл аралык уюмдардын бири болуп саналат, ал 140тан ашуун өлкөдөн 240 миңден ашык шаарды, муниципалитетти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларын бириктирип, алардын кызыкчылыктарын дүйнөлүк деңгээлде, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттар менен өз ара кызматташтыкта коргойт.

Уюмдун вице-президенттери анын жетекчи органдарынын курамына кирип, шаарлардын туруктуу өнүгүүсү, санариптештирүү, экология жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга катышат. Бишкек шаарынын мэринин бул кызматка шайланышы борбор калаа үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат. Бул Бишкектин эл аралык аброю өсүп жатканын айгинелеп, дүйнө шаарлары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эл аралык долбоорлорго активдүү катышууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.