2026-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарындагы «Тунгуч» театрында Баңгизаттарга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган интерактивдүү квиз болуп өттү.

Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Марсель Дооталиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Жылдыз Бакирова, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси жана өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло, CADAP/FIAP программасынын координатору Беатрис Морено, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Медер Алиев жана Борбор Азиянын Аял ишкерлер жана лидерлер ассоциациясынын жетекчиси Дина Абсатар катышты.

Иш-чаранын алкагында балдар жана өспүрүмдөр арасында психоактивдүү заттарды колдонууга каршы профилактиканы жүргүзүү жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулган «Ден соолукта болуу — мода» аттуу сүрөт сынагына келген бардык эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду. Сынак 2026-жылдын 12-майында жарыяланып, 10 жаштан 18 жашка чейинки балдар арасында онлайн форматта өткөрүлгөн. Квиздин жүрүшүндө катышуучулар жана коноктор сынакка келген сүрөттөр менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. 25-июнда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты эмгектердин авторлору сыйланышты.

Интеллектуалдык квизге жалпысынан 12 команда катышып, алты тематикалык айлампада билимдерин жана командалык иш жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Квиздин жыйынтыгында:
•1-орун — «Трезвые резвые» командасы;
•2-орун — «Таза муун» командасы;
•3-орун — «СБН» командасы ээледи.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор, эстелик белектер жана уюштуруучулар менен өнөктөштөр тарабынан даярдалган баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындай иш-чаралар жаштардын өз ден соолугуна болгон жоопкерчилигин арттырууга, сергек жашоо образын жайылтууга, баңгизаттын алдын алууга жана мазмундуу эс алуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борбору CADAP программасынын колдоосу менен биргеликте уюштурушту.