Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 90 “Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык автотоктотмолордун жана авто коюу жайларынын иш-аракеттерин жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, Жеңиш аянтынын аймагында (Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында, «One Group» соода борбору менен Жеңиш аянтынын ортосундагы тилкеде) жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайда сыноо режиминде сааттык төлөм системасы ишке киргизилди.
Муниципалдык унаа токтотуучу жай 95 унаага ылайыкталган жана күн сайын 24 саат бою иштейт.
Сыноо мезгилинде унаа токтотуучу жайды пайдалануунун төмөнкү шарттары колдонулат:
* алгачкы 15 мүнөт — акысыз;
* биринчи эки саатка унаа токтотуунун баасы 50 сом;
* кийинки ар бир саат үчүн 10 сомдон алынат.
Сыноо мезгилинин жыйынтыгы боюнча киргизилген системанын натыйжалуулугуна анализ жүргүзүлөт. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайларды мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалат.
Өз кезегинде “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы айдоочуларды муниципалдык унаа токтотуучу жайларды пайдалануунун белгиленген эрежелерин так сактоого чакырат.



