“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шаты көчөсү Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 616 метрди, туурасы 7 метрды түзөт.
Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына тротуар жана ирригация системасы курулат.
Долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.


