2026-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө билим берүү жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү.

2025–2026-окуу жылында борбор калаадагы 120 муниципалдык жалпы билим берүү уюмун жалпы 33 930 бүтүрүүчү аяктады. Анын ичинен 11 869 окуучу 11-классты, ал эми 22 061 окуучу 9-классты аяктады.

Окуу жылынын жыйынтыгы менен 611 бүтүрүүчү 11-классты артыкчылык аттестаты менен аяктап, 671 бүтүрүүчү 9-класстын артыкчылык күбөлүгүнө ээ болду. Окууну артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жалпы саны 1 282 окуучуну түздү.

Бишкек шаарындагы 72 жеке менчик жалпы билим берүү уюмунда 3 996 бүтүрүүчү окуусун аяктады. Алардын ичинен 1 421 окуучу 11-классты, 2 575 окуучу 9-классты бүтүрдү.

Ошондой эле Бишкек шаарында жайгашкан атайын мектеп-интернаттарды жана республикалык маанидеги билим берүү мекемелерин 1 964 окуучу аяктады. Алардын ичинен 1 082 бүтүрүүчү 11-классты, 882 бүтүрүүчү 9-классты аяктады.

Мындан тышкары, 3 144 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсүнө да билим берүү жөнүндө документтер тапшырылды.

2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы борбор калаа үчүн өзгөчө сыймык болду. Республика боюнча «Алтын сертификаттын» 55 ээси аныкталса, алардын 34ү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү болду. Алардын ичинен 16сы муниципалдык, 18и жеке менчик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү. Натыйжада, өлкөдөгү бардык «Алтын сертификаттардын» 61,8 пайызы борбор калаанын бүтүрүүчүлөрүнө таандык болду.

Жетишилген ийгиликтер – билим берүү тармагындагы системалуу иштин, педагогдордун жогорку кесипкөйлүгүнүн, ата-энелердин колдоосунун жана окуучулардын билим алууга болгон умтулуусунун жыйынтыгы болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөрдү жашоосундагы маанилүү этапты ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алдыга койгон максаттарына ишенимдүү жетишине, билим алууда жана кесиптик калыптануу жолунда жаңы ийгиликтерди жаратуусуна чын дилинен каалоо билдирет.