2026-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарынын Ленин административдик районунун муниципалдык администрациясы, МАБнын, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларда тамеки буюмдарын чегүүгө жана чылым аралашмаларын колдонууга тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чара өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында жайгашкан беш коомдук тамактануу жайы текшерилди. Иш-чаранын негизги максаты мыйзам бузууларды аныктоо, укук бузуулардын алдын алуу жана мекеме ээлеринин белгиленген талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча үч административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, жалпы суммасы 150 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ленин административдик районунун муниципалдык администрациясы коомдук тамактануу жайларынын жетекчилерин жана райондун тургундарын коомдук жайларда тамеки чегүүгө жана чылым аралашмаларын колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.
Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Бул калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугун камсыздоого, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүүгө, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталат.







