Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун биринчи этабы аяктады.
Биринчи этаптагы иштер жалпы узундугу 8 чакырым болгон тилкени камтып, 2026-жылдын 23–26-июнь күндөрү жүргүзүлдү.
2026-жылдын 27-июнунан тартып реконструкциялоонун экинчи этабы башталат. Бул этаптагы иштер Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки тилкеде жүргүзүлөт.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде жол толугу менен жабылбайт. Реконструкция жүргүзүү үчүн жолдун бир тарабы гана убактылуу жабылып, транспорт кыймылы эки багытта тең жолдун экинчи тарабы аркылуу уюштурулат.
Мындай ыкма унаа каттамын сактап калууга жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайсыздыктарды болушунча азайтууга мүмкүндүк берет.
Айрым тилкелерде убактылуу чектөөлөр реконструкция толугу менен аяктаганга чейин этап-этабы менен киргизилип турат.
Жүргүзүлүп жаткан иштер жол катмарынын сапатын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаардын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууда оңдоо иштерин эске алууга чакырат.



