Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Каражыгач токоюнда көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
Учурда Комсомол жана Пионер көлдөрү толугу менен тазаланып, аймак санитардык талаптарга ылайык иретке келтирилди. Кийинки этапта суу объекттерин бекемдөө жана алардын абалын жакшыртуу максатында геомембрананы төшөөгө даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, эс алуу аймагында заманбап спорттук жана коомдук инфратүзүмдү түзүү пландаштырылууда. Долбоордун алкагында футбол, баскетбол жана воркаут аянтчалары курулат. Ошондой эле жалпы узундугу 4 чакырым 200 метрди түзгөн чуркоо жолу түшөт. Эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндөн кийин суу объекттери жарандардын кирүүсү үчүн ачылат.
Белгилей кетчү нерсе, бул иш шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап эс алуу аймагын түзүүгө багытталган.