Бишкек шаарынын мэриясы Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер улантылып жатканын маалымдайт. Бул иш-чаралар жогорку деңгээлдеги коноктордун келишине карата жасалган бир жолку акция эмес, эл аралык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө карабастан, туруктуу негизде улана турган борбор калаанын көрүнүшүн системалуу түрдө жакшыртуу боюнча узак мөөнөттүү программанын башталышы болуп саналат.
Бардык иштер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, техникалык регламенттерине жана бекитилген долбоордук чечимдерге шайкеш жүргүзүлүүдө.
Ар бир объект боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал эми бекитилген талаптарды бузуу менен орнотулган объекттердин жана конструкциялардын ээлерине аларды демонтаждоо зарылдыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүлөр берилүүдө.
Ар бир объект шаардык техникалык кызматтардын катышуусунда кабыл алынат. Учурдагы этапта иштер шаардын төрт районундагы негизги көчөлөрдү камтыйт:
* Ленин району - Чүй проспекти, Чыңгыз Айтматов проспекти, Манас проспекти, Дэн Сяопин проспекти, Юлий Фучик проспекти.
* Свердлов району - Абдрахманов көч., Жибек-Жолу проспекти, Жумабек көчөсү.
* Октябрь району - Байтик баатыр көчөсү, 8-жана 9-кичи райондор, Чыңгыз Айтматов проспекти, Совмин конушу.
* Биринчи Май району - Манас проспекти, Чыңгыз Айтматов проспекти, Москва көчөсү, Жибек-Жолу проспекти, Медеров көчөсү, Абрахманов көчөсү, Байтик баатыр көчөсү, Жаш Гвардия бульвары.
Аткарылып жаткан иштердин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуулары белгиленген тартипте кабыл алынып, ыкчам каралат. Сиздердин сунуш-пикирлер шаардык кызматтарга иштердин сапатын көзөмөлдөөгө жана аларды мындан ары дагы жакшыртууга жардам берет.
Бишкек шаары - шаар тургундары үчүн курулууда. Белгилей кетсек, эл аралык иш-чаралар көптөн бери ишке ашырылышы керек болгон өзгөрүүлөрдүн ыргагын гана тездетти.