Бишкек шаарында 2026-жылдын 29-июнунан тарта Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылат.
Бул чектөөлөр курулуш жана реконструкциялоо иштеринин башталышына байланыштуу.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат.
