Бишкек шаарында Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу коомдук транспорттун айрым каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлөт.

Өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №1, №8, №33, №55, №56 жана  №103.

Убактылуу өзгөртүлгөн схема жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштөөсүн сактоо максатында киргизилүүдө. Реконструкция иштери аяктаганга чейин автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттап, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү улантат.

Шаар тургундарынан жана конокторунан сапарларын алдын ала пландап, коомдук транспорттун убактылуу өзгөргөн багыттарын эске алууну өтүнөбүз.