2026-жылдын 27-июнунда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында улуттук искусствону сактоого жана жайылтууга багытталган жайкы маданий долбоордун алкагындагы кезектеги музыкалык кече болуп өттү.

Бишкек Ала-Тоо аянтында музыкалык кечелерди өткөрүү салтын улантууда. Ар жума жана ишемби күндөрү борбор калаанын тургундары жана коноктору ачык асман алдында өлкөнүн мыкты чыгармачыл топторунун жана белгилүү аткаруучулардын чыгармаларынан ырахат алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул ирет музыкалык кечеде көрүүчүлөр үчүн өлкөнүн эстрада жылдыздары концерттик программасын тартуулады.

Артисттер сүйүктүү чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө жылуу маанай, жаркын эмоция жана чыныгы музыкалык майрам тартуулашты. Концертке көптөгөн шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору келип, ар бир номерди жылуу кабыл алышты.