Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйын өткөрүп, анын алкагында борбор калаанын жол инфраструктурасын куруу жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Шаардык мэрия үчүн транспорттук тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жолдорду системалуу түрдө жаңылоо көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуунун негизги фактору катары каралууда.
Алгач мэрдин орун басары Көк-Жар айылынан башталган узундугу 16 чакырымды түзгөн жаңы Чыгыш айланма унаа жолунун курулушун көрүп чыкты. Бул акы төлөнүүчү автомагистралды үстүбүздөгү жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор ишке ашкандан кийин шаардын чыгыш багытындагы транзиттик унаа агымы жеңилдеп, жол кыймылынын өткөрүмдүүлүгү жогорулайт.
Андан соң Атай Муратбек Иманалиев көчөсүндөгү реконструкция иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда жалпы узундугу 5 чакырым болгон көчөнүн 2 чакырымдык бөлүгүндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Реконструкция аяктагандан кийин көчө эки тилкелүү болуп, жолдун туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабында туурасы 1,5 метрден тротуарлар, ирригациялык система жана заманбап тышкы жарыктандыруу орнотулат.
Көчмө жыйын Муромская көчөсү Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн көрүү менен жыйынтыкталды. Бул тилкеде жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метр, ал эми эки тарабындагы тротуарлардын туурасы 3 метрди түзөт. Талкуунун жыйынтыгында, Атай Муратбек подряддык уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте аныкталган маселелерди чечүү үчүн шаардын профилдик кызматтарына ыкчам тапшырмаларды берди.
Мэрдин орун басары жол инфраструктурасын реконструкциялоо мэрия үчүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин баса белгиледи. Көчө-жол тармагын модернизациялоо боюнча ырааттуу иштер шаарда ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө жана борбор калаадагы унаа тыгындарынын абалын түп тамырынан бери жакшыртууга багытталган. Бардык объектилердин курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү мэриянын жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө турат.












