"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы жана GREEN AIR компаниясы үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана айлана-чөйрөнү коргоону айкалыштырган "Жаңы үйлөнгөндөргө бак-дарак отургузуу" аттуу жаңы экологиялык жана социалдык долбоорду ишке киргизип жатышат.

Эми үйлөнүү тою жаш үй-бүлөнүн жашоосундагы маанилүү окуя гана эмес, ошондой эле сүйүү салтынын башталышы болуп калышы мүмкүн. Жаңы үйлөнгөндөр үй-бүлөсүнүн түптөлүшүнүн урматына бак-дарак отургузуп, сүйүүнүн символун калтырып, борбор калааны жашылдандырууга салым кошо алышат.

Долбоорго катышуу үчүн бак отургузула турган күнгө чейин эң кеминде эки жума калганда Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтындагы "Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуу" бөлүмү аркылуу билдирүү  калтыруу зарыл. Катышуучулар күндү, убакытты жана каалаган аймакты өздөрү тандап, андан соң төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүшөт.

Жаңы үйлөнгөндөргө бак-дарак отургузуу үчүн белек сертификаты да бар. Бул сертификат үй-бүлөлүк жашоонун башталышын жана шаардын келечеги үчүн кам көрүүнү символдоштурган уникалдуу жана эсте каларлык белек болот.

Долбоордун алкагында  алгачкылардан болуп билдирүү калтырган беш жаңы үйлөнгөн түгөйгө отургузуу үчүн бак-дарактар белекке берилет. Билдирмени 0880 005123 телефон номери аркылуу калтырсаңыз болот.

Бак-дарактар сугат системасы бар жана муниципалдык кызматтар (парктар, скверлер жана башка коомдук жайлар) тарабынан тейленүүчү аймактарга отургузуларын эске алыңыз. Дарак тандалган жерден бир километр радиуста, аймактын өзгөчөлүктөрүн жана эксперттик сунуштарды эске алуу менен отургузулат.

Долбоорго катышуунун баасы төмөнкүдөй:
- 10-апрелден 25-октябрга чейин жабык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу үчүн 15 500 сом;
- 10-марттан 10-апрелге чейин эрте жазда жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин күзүндө ачык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу үчүн 7800 сом.

Долбоордо жазы жалбырак (клён), ак кайың, липа, катальпа жана каштан сыяктуу ар кандай дарак түрлөрү сунушталат. Дарактын түрү тандалган аймактын өзгөчөлүктөрүнө жана адистердин сунуштарына жараша аныкталат. Көчөттөр муниципалдык ишкананын питомниги тарабынан берилет же катышуучулар тарабынан өз алдынча сатылып алынышы мүмкүн. Мында көчөттөр белгиленген талаптарга жооп берип, адистер менен алдын ала макулдашылышы керек.

Долбоор Бишкек шаарын жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталган. Отургузулган дарак жаңы үй-бүлөнүн символу болуп, алар менен бирге өсүп-өнүгүп, өмүрүндөгү маанилүү күндүн эстелиги катары узак жылдар бою сакталат.