Бишкек шаарында Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 30-июнунан тартып Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат.
Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш иштери этап-этабы менен улантылып, Исанов көчөсүнүн кийинки тилкелери да курулуш иштеринин жүрүшүнө жараша ар бири 10 күндөн кезеги менен убактылуу жабылып турат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаар тургундарын жана айдоочуларды жүрүү багыттарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү көчөлөрдү пайдаланууга чакырат.