2026-жылдын 1-июлунан тартып унаа каражаттарынын кыймылы үчүн Магистрал көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Манас айылы көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Жол кыймылына киргизилип жаткан убактылуу чектөө аталган тилкеде курулуш жана реконструкция иштеринин башталышына байланыштуу.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти  айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү айланып өтүүчү жолдорду пайдаланууну сунуштайт.