2026-жылдын 24–28-июнь күндөрү Филиппин Республикасынын Манила шаарында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты болуп өттү.
Спорттук жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, алтын жана коло медалдарды жеңип алышты.
Азия чемпиондору болгон спортчулар:
•Дастан Исаков (күжүрмөн самбо, 64 кг салмакта);
•Эмир Жаныбеков (күжүрмөн самбо, 98 кг салмакта);
•Илья Сухинин (спорттук самбо, жаштар арасында, +98 кг салмакта);
•Артур Сансызбеков (спорттук самбо, чоңдор арасында, 98 кг салмакта).
Коло байге ээлери:
•Нурислам Памиров (спорттук самбо, жаштар арасында, 88 кг салмакта);
•Никита Ворошилин (спорттук самбо, жаштар арасында, 98 кг салмакта);
•Жусуп уулу Кайрат (спорттук самбо, чоңдор арасында, 64 кг салмакта).


